• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзгөчө кырдаалдар министри селден жабыркаган аймактарга барды

20 Бугу 2022 14:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-майда Өзгөчө кырдаалдар министри Баткен облусунун табигый кырсыктардан жабыр тарткан Кадамжай шаарынын Орозбек айыл өкмөтүн жана Лейлек районунун айылдарын кыдырууда. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, май айынын биринчи жана экинчи он күндүгү жаан-чачындуу болуп, өлкөнүн түштүгүндө табигый кырсыктар катталып Жала-Абад, Ош, Баткен облустарынын бир топ айылдарын сел каптаган.

«Селдин кесепеттерин жоюну, дамбаларды, жээктерди бекемдөө иштерин жеринде көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев иш сапары менен түштүк аймагында жүрөт»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жаз-жай мезгилдеринде жүрүүчү селдин алдын алуу иштери ӨКМ тарабынан жасалган. Аймактардагы сел өтүүчү каналдарды, арыктарды тазалоо, жээктерди, дамбаларды бекемдөө иштеринин жүргүзүлгөнүнө карабай бир катар айылдарды сел каптаган.

Количество просмотров: 105