Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрликтин жалпы эмгек жамааты COVID-19га каршы эмделди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Коронавируска каршы эмделген министр башка жарандарды да эмдөөдөн өтүүгө үндөдү.
«Бүгүнкү күнү эмдөө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы болуп саналат. Ошондуктан баарыңыздарды эмдөөдөн өтүүгө чакырам» – деп билдирген ал.