• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аскаров: Кыргызстан боюнча бейтаптар үчүн 15,3 миң госпиталдык орун даярдалды

3 Баш оона 2020 13:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда COVID-19 илдетин жуктурган бейтаптар үчүн 15,3 миң госпиталдык орун даярдалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров билдирди.

Анын айтымында, бейтаптарды госпитализация кылуу үчүн Чүйдө 1 миң 213 орун, Нарында — 1 миң 136, Таласта — 520, Ысык-Көлдө — 1 миң 158, Баткенде — 2 миң 8, Жалал-Абадда — 1 миң 976, Ошто — 2 миң 915, Ош шаарында — 1 миң 326 жана Бишкекте 3 миң 87 орун даярдалган.

«Министрлик жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги менен биргеликте госпитализация үчүн, күңдүзгү, түнкү стационарларда 29 миң 337 орун даярдалды. Анын ичинен госпитализация үчүн орундардын саны 15 миң 339ду түзөт. Күндүзгү стационарларда 14 миң 231 орун, түнкү стационарларда 417 орун даярдалган», — деди Аскаров.

Ошондой эле ал пандемия маалында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү шарттары бар обсервация жана госпиталдык жайларды даярдоо, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү, бейтап жана медицина кызматкерлерин үч маал тамак менен камсыз кылуу, гуманитардык жардамдарды кабыл алуу, аларды сактоо жана жерине жеткирүү сыяктуу бир нече негизги милдеттер жүктөлгөнүн кошумчалады.

Количество просмотров: 104