• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Өзгөндө 14 жаштагы кыз төрөдү. Милиция шектүүнү кармады

23 Баш оона 20248:10 Бишкек Govori.TV

Өзгөндө 14 жаштагы кыз төрөдү. Ош ОИИБдин маалымат кызматы билдиргендей, бул факты Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

«Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 2003-жылы туулган Ж.Н. аттуу тургуну 20-август күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 219