Өзгөн райондук ооруканасында иштеген медайым коронавирус боюнча жалган маалымат тараткандыгына байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Эске салсак, өткөн жумада социалдык тармактарга Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда коронавирус жуктурган адамдар аныкталганы боюнча маалымат тарап кеткен. Кийин муну Саламаттык сактоо министрлиги төгүндөгөн.
Маалыматка ылайык, иликтөө учурунда медайым элге жалган маалыматты атайылап таркатпагандыгы аныкталган.
«Кызматкер жашы жете элек кызына коронавирус боюнча аудио билдирүү жиберген. Ал эми кызы ал билдирүүнү досторуна таркатып салган. Саламаттык сактоо министрлиги медайымды иштен алуу чечимин кабыл алды», — деп айтылат маалыматта.
Факт Жоруктар кодексинин 43-беренеси («Этибарга албай маалымат таркатуу») боюнча каттоого алынды.