Сейсмология институтунун берген такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 08:25те Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласы боюнча очогунда күчү 4 магнитудага жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Чымбай, Бакмал, Мырза-Аке, Куршаб, Кароол, Шералы айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 балл, Мырза-Арык айылында 3,5 баллга (Кароол айылынан 30 чакырым түштүк батышта, Мырза-Арык айылынан 3 чакырым чыгышка, Чымбай айылынан 5 чакырым түштүк батышта, Куршаб айылынан 7 чакырым түштүк батышта, Салам-Алик айылынан 30 чакырым түштүк чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 32 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.