• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Өзгөндө жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

7 Үчтүн айы 202517:34 Бишкек Govori.TV

Өзгөндө жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун саат 19:00 чамасында Өзгөн – Заргер унаа жолунда 52 жаштагы жаранды белгисиз унаа сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Өзгөн районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан издөө иш-чараларынын натыйжасында жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды.

Унаасы үйүнүн короосунда токтоп турган жеринен табылып, айып короосуна токтотулду. Ал эми айдоочу тергөө кызматыңа өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 262