• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өзгөндө жер алмашууга каршы мөөнөтсүз акция уланууда

23 Чын куран 2021 13:46 Бишкек Govori.TV

Ош облсуна караштуу Өзгөн районунжа «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстан менен алмашууга каршы чыккандардын мөөнөтсүз акциясы уланууда.

Аталган райондогу Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары 21-22-апрелде нааразылыкка чыгып, үч боз үй тигишкен. Алар мөөнөтсүз акция башташканын жарыялашкан.

Жергиликтүү тургундар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду жокко чыгарууну талап кылышууда.

Количество просмотров: 142