• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Өзгөртүүнү өздөрүнөн баштасын!». Тууну өзгөртүүгө каршы флешмоб жүрүп жатат

30 Жетинин айы 2023 11:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип флешмоб өткөрүп жатышат.

Фейсбукта «туу өзгөрбөйт», «желегимди жерибе», «желекке тийбе» деген постторду жарыялап, нааразы пикирлерин билдиришүүдө.

Тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып сунуштап жатышат.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген.

Количество просмотров: 159