2021-жылы чет өлкөдө каза болгон 540 жарандын сөөгү Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.
Анын айтымында, быйыл жыл башынан бери Кыргызстандын чет жакта жашаган 224 жаранынын сөөгү өкмөттүн жардамы менен мекенине жеткирилди.
“Быйыл президенттин 22-февралдагы жарлыгынан кийин өкмөттүн токтому кабыл алынып, ар бир өлкөдөн канча акча кетери аныкталган. Былтыр 540 сөөк мекенге жеткирилип, ага бюджеттен 45 миллион сом сарпталган. Быйыл январдан апрелге чейин 224 сөөк алынып келинди, жалпы суммасы 21 миллион сомду туздү”,-деди ал.