• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жүк ташуучу унаа өрттөндү

4 Бугу 202314:51 Бишкек Govori.TV

Жүк ташуучу унаа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Нарын – Торугарт айланма унаа жолунун 110-чакырымында оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 12:03тө Кемин райондук №5 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылды.

Жүк ташуучу унаадан чыккан өрт 13:18де толук өчүрүлүп, материалдык чыгымдары жана себеби такталууда.

Количество просмотров: 222