Бишкек шаарындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратында чыккан өрттөн 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев соцтармактагы баракчасына жазды.
«Өрт өчүрүүчүлөрдүн жана куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында 260 адам эвакуацияланды. Тилекке каршы, 2 адам каза болду. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм, 2 автошаты, Бишкек шаардык «Куткаруу кызматынын» куткаруучулар, ыкчам тобу тартылды. Өрт саат 22:33тө чектөөгө алынып, 23:15те толугу менен өчүрүлдү»,-деп жазды министр.
Ал эми саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев каза болгон эки жаран бейтаптар болгонун билдирди.
«Өрт чыккан учурда институтта 47 киши болгон, анын 22си балдар. Жүрөк хирургиясы институту болгондуктан, бейтаптардын көбү операциядан чыккандар эле. Аларды эвакуациялап жетишишкен. Тилекке каршы, бейтаптардын экөө каза болуп калган. Учурда 9 адам жандандыруу бөлүмүндө», — деген ал.
Кошумчалангандай, өрттүн себептери такталууда.