• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

«Жүргүнчү» аталышындагы рейд башталып, үч күндө 261 адам кармалган

21 Аяк оона 202411:29 Бишкек Govori.TV

«Жүргүнчү» аталышындагы рейд башталып, үч күндө 261 адам кармалган. Аларга миң сомдон айып салынган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Жүргүнчү» аталышындагы рейд бир айга, тагыраагы 17-октябрга чейин болот.

«Жыл башынан тартып сегиз ай аралыгында өлкө аймагында жөө адамдарды коюп кетүү фактысы менен коштолгон 1 610 жол кырсыгы катталып, 1 633 жараныбыз ар кандай жаракаттарды алышкан. Анын ичинен жөө жүргөндөрдүн күнөөсү менен 142 жол кырсыгы катталып, 13 жөө киши көз жумган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 269