• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарынын сакталышы текшерилүүдө

9 Аяк оона 202415:33 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарын жана белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар 9-сентябрдан 7-октябрга чейин уланат.

Транспорт департаменти ашыкча жүк жүктөп алып, асфальт жолго чыккан айдоочуларга түшүндүрүү иштери менен бирге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде тийиштүү протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынарын эскертет.

Количество просмотров: 37