• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаңы автобустардын ачкычтары министрге тапшырылды

2 Аяк оона 202421:07 Бишкек Govori.TV


2-сентябрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда “Евразия” эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча автономдуу коммерциялык эмес уюму тартуулаган автобустардын ачкычтарын салтанаттуу тапшыруу болуп өттү. Бул автобустар атайын мектеп окуучуларын ташуу үчүн берилди.

Аталган уюмдун өкүлдөрү Билим берүү жана илим министри Догдүркүл Кендирбаевага автобустардын ачкычтарын тапшырды. Министр окуучулар үчүн алынган автобустар алыскы аймактагылар үчүн бөлүнөрүн билдирди. Ошондой эле окуучуларды ташуучу автобустардын айдоочуларынын маянасы дагы чечилгенин билдирди.

Эске салсак, келишимдин алкагында “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму 50 мектеп автобусун берди.

Количество просмотров: 97