• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Жаңы эле ойгонгондой». Депутат Улуттук банктын төрагасын сынга алды

4 Бештин айы 202414:55 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдү күчөтүп, накталай төлөмдөн баш тартуу талабы күч алып жатканын, бирок буга өлкөдө иш жүргүзгөн айрым банктар даяр эместигин билдирди.

«Мына накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрөбүз деп атабыз. Бул жакшы. Бирок биздеги банктардын айрымдарында накталай эмес төлөм жүргүзүү системалары бат-баттан бузулуп турат. Анын кесепетинен жарандарыбыз акчасын иштете албай кыйналууда. Автобустарда жол кире накталай эмес төлөмдө төлөнүшү керек дедиңер. Бирок валидаторлор иштебей калып жатат. Мындай учурларда ким жооп берет? Эмне үчүн банктардан талап кылбайсыңар?», — деди депутат.

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев мындай маселени мурда укпаганын айтып, кайсы банкта ушундай бузулуулар болсо маалымат беришин сурады.

Бекешев бул жооптон кийин Мбанк, Элбанк дайыма ушинтип бузуларын айтып, Тургунбаевди кырдаалды билбегени үчүн сынга алды.

Количество просмотров: 114