• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаңы өкмөт башчы алдыда аткарылчу иштерди атады

20 Бештин айы 202412:53 Бишкек Govori.TV

Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев алдыда аткарылчу бир катар иштерди тизмектеди.

Министрлер кабинетинин төрагасы төмөндөгүдөй максаттар коюлганын айтты:

  • ИДПнын өсүү темпин орточо 9%да кармалат;
  • Номиналдык жактан 2030-жылга чейин ИДПны 30 млрд долларга, сом менен айтканда 3 триллиондун деңгээлинен ашырылат;
  • ИДПнын жан башына бүгүн эки жарым миң доллар же 200 миң сомду түзсө, аны 4 миң долларга чейин жеткирилет;
  • консолидацияланган бюджеттин көлөмүн азыркы 704 млрд сомдон 2030-жылы 1 триллиондон
  • ашырылат;
  • Экономиканын структурасы түп-тамырынан өзгөрөт: сервистик экономикадан индустриалдык-агрардык экономикага басым жасалат;
  • чакан жана орто бизнестин үлүшү 50%га жеткирилет;
  • жакырчылыктын деңгээлин 17%га чейин кыскартылат;
  • балдарды бала бакчалар менен 80%га чейин камтылат.
Количество просмотров: 261