• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Жаңы конуштагы «Садыр Жапаров көчөсү» деген такта алынды

1 Теке 2022 12:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын «Рухий-Мурас» жаңы конушундагы «Садыр Жапаров көчөсү» деген жазуусу бар такталар алынды. Маалыматты Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, көчөнүн электр мамысына илинген такталар толугу менен алынып салынды.

«Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл өкмөтүнө караштуу бул жаңы конушта андай аталыштагы көчө жок экендигин жергиликтүү бийлик расмий түрдө билдирет. Жаңы конуштагы бул көчөнүн расмий аты, курулган үйлөрдүн кадастрдык номерлери жок. Кимдер тарабынан көчөгө президенттин атынан жазылган тактайчалар илинип, эмне максатты көздөгөнү боюнча азырынча так маалымат жок», — деп билдиришти администрациядан.

Белгилей кетсек, буга чейин жаңы конуштардын биринде Садыр Жапаров атындагы көчө пайда болгондугу тууралуу маалыматтар интернетке тараган.

Количество просмотров: 23