• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Жаңы курулган президенттик администрация качан ачылары айтылды

29 Баш оона 20248:16 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жаңы курулган президенттин администрациясынын имараты 30-августта ачылат. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул тарыхый жана мамлекеттик маанидеги имарат келечек муунга мураска калчу имарат болуп саналат.

Буга чейин президенттик администрациянын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи Эгемендик күнүндө боло турганы кабарланды.

Бишкектин түштүгүндөгү имаратты курууга эки жылдан ашык убакыт кетти. Жаңы имарат «Ынтымак – Манас Ордо» деп аталат. Участоктун жалпы аянты — 25,78 гектар. Объект Чыңгыз Айтматов проспектиндеги «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна курулду.

Количество просмотров: 142