• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаңы машыктыруучу футболчуларга койгон талаптарын атады

23 Бугу 202313:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-майда өткөн маалымат жыйында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жаңы машыктыруучусу Штефан Таркович футболчуларга койгон талаптарын атады.

Анын айтымында, машыктыруучу штаб өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн кураманын акыркы 7 оюнун көрүп чыккан.

«Эң негизги принцип — күчтүү командалык дух, өз ара ишеним, сый-урмат жана тартип. Мен күчтүү тараптарын, соккулардын сапатын жана башка аспектилерди күчөтүүгө аракет кылам. Чабуул менен коргонуунун балансы болушу керек. Жалпысынан алганда жумуш көп, биз кошумчалай турган нерселер көп», — деди Таркович.

Словакиялык жаңы машыктыруучу Штефан Таркович 50 жашта. Ал үстүбүздөгү жылдын 2-майында Бишкекке келип Кыргыз футбол союзу (КФС) менен келишимге кол койгон.

Количество просмотров: 77