• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Таркович билдирүү жасады

17 Үчтүн айы 2024 12:00 Бишкек Govori.TV

Биздин команда үчүн оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок. Мындай пикирин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы «Ак шумкарлардын» Таиланд менен болгон алгачкы беттеши тууралуу комментарий берип жатып билдирди.

«Биздин команда үчүн оор беттеш болду, үмүтүбүз акталган жок. Таиланд биз менен бирдей деңгээлде ойногон курама экендигин билчүбүз. Бирок, командада дагы эле көптөгөн чечиле элек жана алардын үстүнөн иштей турчу маселелердин бар экендиги анык болду. Футбол — бул айып аянтчаларында кылдаттыкты талап кылган оюн. Биз борбордо жакшы оюн көргөздүк, бирок айып аянтчаларда жетиштүү деңгээлде ишенимдүү ойной албадык, бүгүнкү жеңилүүнүн негизги себеби дал ушуда болду.
Биз оюнду талдап, оюнчулар менен сүйлөшүүбүз керек. Атаандаштын жана өзүбүздүн айып аянтчаларыбызда туура чечимдерди кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек.
Турнир биз үчүн али бүтө элек, алдыда 2 беттеш бар. Биз Сауд Арабиясы жана Оман менен оюндарда кез келебиз», — деди ал.

 16-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Таиланд курамасына каршы оюн өткөрүп, 2:0 эсебинде Таиланд командасына жеңилип калган.

Бул улуттук кураманын 2023-жылкы Азия Кубогунун алкагындагы алгачкы беттеши болду.

Количество просмотров: 272