Бүгүн, 22-февралда Кыргыз футбол союзунун президенти КамчыбекТашиев Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович менен жолугушту.
Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев менен Штефан Таркович Улуттук курама команданын 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына квалификациялык оюндарына болгон даярдыгын талкуулашты.