Музей буюмдарынын жана музей коллекцияларынын сакталышы жана уурдалышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музейлеринин музей фондунан мекемелердин ички жасалгаларын кооздоо үчүн музей буюмдарын убактылуу пайдаланууга берүүгө жана көргөзмөлөрдү адистештирилбеген мекемелерде уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койду.
Буйуруктун аткарылышын көзөмөлдөө Министрликтин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлдү.