• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жаңы окуу жылдын биринчи чейрегин окуучулар аралыктан окушат

20 Теке 2020 17:38 Бишкек Govori.TV

Түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейректеги окуу процессин аралыктан уюштуруу үчүн даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-2021-окуу жылына карата даярдыктарды бекитилген антикризистик планга ылайык жүргүзүүдө.

Эгер айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими чыкса, анда ал региондогу мектептерде окуу процесси дагы өзүнчө каралат.

«Билим берүү жана илим министрлиги мектеп мугалимдерин, окуучуларды ата-энелерди азыртан дистанттык билим берүү процессине даярдана берүүсүн максатка ылайыктуу деп эсептейт. Кырдаал жакшы жагына өзгөрүүсү менен окуучулар мектепке реалдуу режимде окууга келишет»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда практик-педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатат. Кеңештин корутундусу менен башка өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын тажрыйбасы изилденип, талданып, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн, балдардын жана педагогдордун коопсуздугун приоритет катары койгон варианттагы чечимдер кабыл алынат.

Ошондой эле тажрыйбалуу методисттерден, педагогдордон жана эксперттерден турган команда теле сабактардын мазмунун, жадыбалын, өткөн практиканы карап чыгып, аларды тартууга киришти. Сабактар мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн бардык деңгээлдерин камтыйт. Аны тартууда эң ириде анын сапатына, маңызына көңүл бөлүнүп, компетенттүлүк мамилеге негизги басым жасалууда. Бул максатта, конкреттүү методикалык жана техникалык талаптарды камтыган атайын методикалык колдонмо иштелип чыкты.

Буга кошумча мугалимдер жана методисттер үчүн окутуулардын циклы уюштурулуп, ийгиликтүү тажрыйба республиканын мугалимдерине да жайылтылат. Окуучуларды онлайн-тестирлөөгө мүмкүндүк берген платформаны жакшыртуу иштери улантылууда. Окуу китептерин электрондоштуруп, аларды kitep.edu.gov.kg платформасына жайгаштыруу да учурда жасалып жатат. Дистанттык билим берүүнүн өркүндөтүлгөн технологиялары кенири колдонууга алынат.

Количество просмотров: 245