Келерки окуу жылында төрт класс 12 жылдык окуу программасына кошулат.
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Нурзида Касымова 480 сааттык «Наристе» программасы (нөлүнчү класс) менен азыр окуп жаткандар жана бала бакчаларда даярдоо тайпасындагы 6 жаштагы балдар 2025-2026-окуу жылында 2-класска кабыл алынарын билдирди.
«Ал эми даярдоодон өтпөгөн, бала бакчадагы жогорку тайпадагы азыр 5-6 жаштагы балдар (2019-жылы төрөлгөндөр) 2025-2026-окуу жылында 1-класска барышат», — деди ал.
Мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулова күздө (2025-2026-окуу жылы) 2019-жылы төрөлгөндөр 1-класска, 2018-жылы төрөлгөн балдар 2-класска өтөрүн кошумчалады.
«Андан тышкары, 3-класстын балдары (2015-жылы төрөлгөндөр) секирик жасап 5-класска отурса, 6-класстын балдары (2012-жылы төрөлгөндөр) 8-класска өткөрүлөт», — деди ал.