• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жаңы ооган өкмөтү боюнча Кыргызстандын позициясы кандай?

4 Жетинин айы 202114:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан «Талибан» өкмөтүн таануу тууралуу маселени карай элек. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков 4-ноябрда өткөн тегерек столдо билдирди.

«Ооганстанга жаңы өкмөт келди. Өлкөнүн өкмөтү менен диалог жана консультацияларды жүргүзүшүбүз керек. Кыргызстан «Талибан» өкмөтүн таануу тууралуу маселени карай элек. Бүгүнкү күндө Ооганстандагы жагдай оор болуп жатат. Анткени аталган өлкөгө тиешелүү акчалар банкта тоңдурулган. 38 миллион эли бар мамлекетке башка өлкөлөр жардам берди. Кыргызстан дагы Афганистандын элине жана Чоң жана Кичи Памирди байырлаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди»,-деди Масадыков.

Количество просмотров: 57