• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Жаңы Орлеанда автоунаа топ элдин арасына кирип кетип, 10 киши өлдү

2 Үчтүн айы 20254:24 Бишкек Govori.TV

Кошмо Штаттардын Жаңы Орлеан шаарында көчөдө жаңы жыл тоскону чогулгандарды машине сүзүп, ондой кишинин өмүрү кыйылды. Отуздан ашууну жарадар экенин NOLA Ready агенттиги билдирди. Өзгөчө кырдаалдарга даярдык үчүн жооп берген бул агенттик шаар тургундарын окуя болгон Бурбон-Стрит районунан оолак болууга чакырды.

Жараат алгандар жергиликтүү ооруканага жеткирилди.

Окуя студенттердин футбол мелдешине бир нече саат калганда болду. Caesars Superdome стадионунда өтө турган бул иш-чарага миңдей киши чогулары күтүлүп жаткан.

Машиненин айдоочусу чогулгандарды жиреп сүзүп, андан кийин чыга калып аткылаган. Жериндеги полиция кызматкерлери жооп катары, ага каршы ок чыгарган. Эки полиция кызматкери жараат алганы маалым болду. Ал ким экени, кандай максат менен бул кадамга барганы азырынча белгисиз.

булак: Азаттык

Количество просмотров: 337