• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаңы паркта Түлөбердиевдин эстелигиндеги тамгаларды атайлап жулуп кетишти

25 Бугу 202017:03 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Түлөбердиев менен Көкчөтоо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жаңы парктагы Советтер союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин тамгаларын атайлап жулуп кетишти. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, азыр сейил бакка камералар орнотулуп, видео байкоо бир апта ичинде иштей баштайт.

«Тамгалар атайын бир курч курал менен чыгарылган. Тамгаларды чыгарып кеткенден тышкары балдар аянтчасындагы селкинчектин отургучун, жаңы коюлган таштанды урналарды да көтөрүп кетишкен»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мэрия шаардын жашоочуларына кайрылып, жалпы элдин мүлкүн талкалоонун кереги жоктугун, аны калыбына келтирүүгө жана оңдоого акча каражаты жана адамдын күч, мээнети кете турганын белгилеп, коомдук мүлктөрдү бузуп, тоноп, талкалап жаткандарга күбө болгондорду милицияга — 102 номуруна кабарлап турууну суранган.

Количество просмотров: 92