• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Борбордогу жаңы паркка Чолпонбай Түлөбердиевдин айкели тургузулду

17 Чын куран 2020 9:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Көкчөтай жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги к жаңы сейил бакка Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин айкели тургузулду.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, сейил бакка Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымы берилген.

“Жаңы паркка жарыктандыруучу чырактар, кире беришине металлдан жасалган конструкция орнотулду. Парктын 6 гектар аянтына “Бишкек жашыл чарба” ишканасы тарабынан көктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда айкелдин алдына таш таман төшөө иштери жыйынтыкталууда. Скейтпарктын конструкциясы даяр болду. Чек аралар жабык болгондуктан адистер келе албай, скейтдромду монтаждоо иштери баштала элек”, – деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 125