• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкектеги жаңы паркта ок атылды

18 Бугу 2020 11:54 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги жаңы ачылган Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багында нөөмөттө турган патрулдук милициянын инспектору санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбай, каршылык кылып, өзүн агрессивдүү көрсөткөн адамдардын тобуна эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу билдирүү Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 17-майда саат 21:30 чамасында түшкөн. Анда Чолпонбай Түлөбердиев атындагы эс алуу багында белгисиз адамдар милиция кызматкерине кол салууга аракет кылып жаткандыгы кабарланган.

«Аталган сейил бакта нөөмөттө турган патрулдук милициянын инспектору К.Б. карантиндик шарттардын талабын аткарбай, коомдук жайда тобу менен жыйналып отурган адамдарды көргөн. Кызматкер топтолгон жарандарга санитардык эрежелерди сактоого чакырып, коомдук жайдан тарап кетүүсүн айтып, эскертүү берген. Бирок жарандар кызматкерге агрессивдүүлүгүн көрсөтүшүп, милициянын ок атуучу куралын алууга аракет кылышкан. Бул учурда патрулдук милициянын кызматкери мыйзамда көрсөтүлгөн беренеге ылайык, эскертүү иретинде асманга карай ок чыгарган»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене «бейбаштык» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парктан тартылган видео социалдык тармактарда тараган.

Количество просмотров: 181