• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жаңы төрөлгөн ымыркайды уурдап кеткен аял 8 жылга соттолду

17 Теке 2023 11:49 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Хуросон райондук соту жергиликтүү тургунду жаңы төрөлгөн баланы уурдоо боюнча күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыратты.

Соттун өкүмүнө ылайык, Абдурахмони-Жоми районунун 45 жаштагы тургуну Оиша Шарипова ошол эле райондун тургуну Рухшона Рахмонованын жаңы төрөлгөн баласын уурдап кеткен.

“Озоди” кабарлагандай, июнь айында чыккан өкүм тууралуу эми белгилүү болду.

“Бир баласы бар, бирок кайра боюна бүтпөй жүргөн Шарипова райондун төрөт бөлүмүнөн жаңы төрөлгөн баланы уурдап кетүүнү көздөгөн”, — деп айтылат соттун чечиминде.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2022-жылдын 23-сентябрына караган түнү Жоми районунун борбордук төрөт үйүнүн жаңы төрөлгөн ымыркайлар бөлүмүнө кирип, 24 жаштагы Рухшона Рахмонованын баласын уурдап кеткен. Андан соң «төрөбөсөң ажырашам» деп коркутуп жүргөн мигрант күйөөсүнө телефон чалып, көз жарганын сүйүнчүлөгөн.

Соттун маалыматына караганда, Оиша Шарипова боюнда бардай түр көрсөтүп жүргөндүктөн, айланасындагылар аны чындап эле төрөдү деп эсептешкен.

Количество просмотров: 60