Жаңы төрага депутаттарга ишеним көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирди
Жаңы төрага депутаттарга ишеним көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирди
20 Аяк оона 201812:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.09.2018. Govori.TV
Жаңы шайланган төрага Жаныбек Абиров депутаттарга ишеним көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирди.
«Урматтуу кесиптештер, мага ишеним артып, колдогонуңарга ыраазычылыгымды айтам. Эми буюрса, таза баары менен тыгыз иштешкенге аракет кылам»,-деди Жаныбек Абиров.
Белгилей кетсек, жалгыз талапкер Жаныбек Абиров шаардык кеңештин спикери болуп шайланды. Анын талапкерлигине 40 депутат «макул» деп добуш берди. 1 депутат добуш берүүдөн баш тартты. Жалпы 45 депутаттан төртөөсү шайлоого катышкан жок.
Айта кетсек, шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Алмаз Кененбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу 27-августта БШК тарабынан анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган эле.
Абиров Жаныбек Болотбекович 1988-жылдын 22-декабрында туулган. Эки жогорку билими бар: Кыргыз-Орус Славян университетин «юриспруденция» кесиби боюнча жана Президенттин алдындагы башкаруу академиясын «Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу» кесиби боюнча бүтүргөн. КСДПнын тизмеси боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланган.