• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Жаңы-Өзөндө 40 суткадан бери жумушсуз жарандардын нааразылык акциясы уланууда

11 Жалган куран 2022 17:08 Бишкек Govori.TV

Жаңы-Өзөндө 40 суткадан бери жумушсуз жарандардын нааразылык акциясы уланууда. Алардын лидерлеринин бири Жанабай Нугманов акыркы күндөрү акимчиликтин имаратынын алдында жүздөгөн киши чогулуп жатканын айтты.

Анын билдиришинче, акция катышуучулары бийлик сунуштаган 150 иш ордуна материалдык жактан өтө начар абалда турган жана майыптыгы бар кишилерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жөнөтүштү.

Митингчилер мындан тышкары кызмат көрсөтүү тармагындагы ондогон жумуш орундарын четке кагышты. Себеби ал жерлерде иштегендер ансыз да маянаны көтөрүүнү талап кылып жатышат.

Өткөн аптада кеминде сегиз киши «мыйзамсыз митингге катышуу» иши боюнча полицияга чакырылган. Алар коркутуп-үркүтүүгө кабылганын билдиришти.

Буга чейин Жаңы-Өзөндө 10-11 миң жумушсуз жаран бар экени айтылган. Мунай тармагына ишке орноштуруу талабы менен түзүлгөн тизмеге жети миңдей адам катталган.

Жаңы-Өзөндүн жашоочулары 31-январдан бери мунай тармагына ишке орноштуруу талабы менен акимчиликтин алдына чогулуп жатышат.

Жаңы-Өзөндө жумушсуздук – курч маселелердин бири. Татыктуу иш менен камсыздоону талап кылган митингдер байма-бай өтүп турат. Шаарда 160 миң киши жашайт.

Количество просмотров: 127