• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жаңы-Өзөндө мурдагы мунайчылар бийликке кайрадан кайрылуу жолдошту

16 Бугу 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

15-майда Жаңы-Өзөн шаарында жүздөн ашык жумушсуз мунайчылар казак бийлигине кайрадан кайрылышты.

Мунайчылар бир жарым айдан ашык убакыт өтсө дагы туруктуу жана татыктуу акы төлөнүүчү жумушка орноштуруу талаптары аткарыла электигин айтышууда.

Алар эл үчүн күйгөн депутаттарды же аткаминерлерди көрбөй жатканын билдиришип, президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылышты.

“Сиздин тапшырмаларыңыз аткарылбай жатат: Жаңы-Өзөндөгү жумушсуздардын маселеси боюнча иштин жыйынтыгы көрүнгөн жок. Күнөөлүүлөрдүн жазаланышын талап кылабыз”, — деди жумушчулардын бири.

Нааразылыкка чыккандар апрель айынан бери «Өзөнмунайгаз» ишканасынын имаратынын алдында күн сайын чогулуп жатканын айтышууда.

10-апрелде «Берали Маңгыстау» компаниясынын мурдагы 82 кызматкери Астанага келип, Энергетика министрлигинин алдына чогулган. Алар татыктуу иш менен камсыздоону талап кылышып, тышта түнөшкөн. 11-апрель күнү кечинде Астананын полициясы маңгыстаулук жумушчулардын баарын күч менен кармап кеткен. Эртеси алар бошотулуп, поезд менен Маңгыстауга жөнөтүлгөн.

Акыркы жылдары Маңгыстау облусунда жумушсуздардын нааразылык акциялары жана мунайчылардын иш таштоолору тынымсыз болуп жатат. Нааразычылык акциялары көйгөйлөргө көңүл бурдуруунун негизги жолу болуп калды. Негизинен эл мунай тармагында иш менен камсыздоону, эмгек шарттарын жакшыртууну, татыктуу маянаны талап кылууда.

Количество просмотров: 55