• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жаңы жыл түнү Ала-Тоо аянтынан автобус-троллейбустар шаардыктарды ташыйт

26 Бештин айы 2023 14:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн 1-январь түнү жаңы жылдык иш-чаралардан кийин Ала-Тоо аянтынан автобус-троллейбустар каттайт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 1-январда саат 00:30дан баштап автобустар Ала-Тоо аянтынан төмөнкү каттамдар боюнча жүрөт:
— «Ала-Тоо» аянты – «Рухий Мурас» конушу;
— «Ала-Тоо» аянты – «Көк-Жар» конушу;
— “Ала-Тоо” аянты – 12 кичи район;
— “Ала-Тоо” аянты – Чоң-Арык;
— «Ала-Тоо» аянты – «Совмин» шаарчасы;
— «Ала-Тоо» аянты – «Арча Бешик» конушу;
— “Ала-Тоо” аянты – “Ак-Ордо” конушу;
— “Ала-Тоо” аянты – “Ала-Тоо” конушу;
— “Ала-Тоо” аянты – “Ак-босого” конушу;
— «Ала-Тоо» аянты – «Бакай-Ата» конушу;
— «Ала-Тоо» аянты – «Энесай» конушу;
— “Ала-Тоо” аянты – Аламүдүн-1 кичи району.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 1-январында саат 00:30дан 01:30га чейин Киев көчөсү менен троллейбустар дагы каттамакчы.

Кошумча суроолор боюнча ишеним телефону: +996 505 192 619.

Количество просмотров: 135