Жаңы жыл түнү коомдук унаалар түнгө чейин каттайт (жүрүү схемасы)
Жаңы жыл түнү коомдук унаалар түнгө чейин каттайт (жүрүү схемасы)
30 Бештин айы 2021 15:36 Бишкек Govori.TV
Жаңы жыл түнү Бишкек шаарындагы коомдук транспорттор түн жарымга чейин каттайт. Мэриянын маалыматы боюнча, автобус, троллейбус жана кичи автобустар 31-декабрдан 1-январга караган түнү саат 01:00гө чейин каттай турган болду.
Троллейбустардын жүрүү схемасы:
№2: «Аламүдүн-1» кичирайону — Фрунзе атындагы завод;
№ 4: эт комбинаты — булгаары комбинаты;
№ 7: «Тунгуч» кичирайону — «Ак-Өргө» турак жай аймагы;
№10: «Асанбай» кичирайону — Фрунзе атындагы завод;
№14: «Жогорку Жал» кичирайону — Киркомстром;
№17: «Асанбай» кичирайону – Кожзавод.
2-январдан тарта коомдук транспорттор кадимки тартипте жүрөт.