Жаңы жыл түнү бүтүндөй Франция боюнча миңден ашык машинелер өрттөлгөнүн медиа жазып жатат.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, ушундай кылмыш боюнча 420 адам кармалып, алардын 310у абакка отургузулган. Машинелердин өрттөлүшү негизинен жардыруучу заттарды туура эмес колдонуудан келип чыккан. Ал эми айрым айыпталып жаткандар фейерверктерди атайылап полиция менен өрт өчүрүүчүлөр тарапка кое беришкен.
Натыйжада 2 жашар бала бетинен жаракат алып, майып болуп калган. Дагы бир шаарда фейерверк атылгандан улам бир адамга медиктердин жардамы керек болгон. Бир үй дагы өрттөнүп кеткен.
Жаңы жыл түнү 100 миңдей полиция кызматкерлери Парижди жана анын тегерегин кайтарууга алышкан. 2024-жылы дагы зыянкечтер 700дөй машинени өрттөшкөн, анда да бүткүл Францияны 90 миңдей полиция кайтарган.