Жаңы жылдык майрамдан кийин «Ала-Тоо» аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, тазалык жана тартипти «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 6 атайын техникасы менен 60 кызматкери камсыздашкан.
Белгилей кетсек, өткөн жылдагы жаңы жыл майрамына салыштырмалуу бул жолу аянтта киши көп болду. Тактап айтканда, кишинин саны 15 миңдин айланасында чогулган жана 1 тоннага аз таштанды чыккан.
«»Ала-Тоо» аянтынан аз таштанды чыгарылып жатканы Кыргызстандын борборунда массалык иш-чараларды өткөрүү маданиятынын жогорулаганынан кабар берет. Бишкектин тургундары коомдук жайларда өз шаарына кылдат мамиле жасап, тазалыкты көрсөтө башташты», — деп кошумчалашты мэриядан.
«Тазалык» ишканасы тазалыкты сактоого салымын кошкон, маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөткөн шаар тургундарына жана конокторуна ыраазычылык билдирди.