• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Шаар көркүн бузгандарга 5,6 млн сомдук айып салынды

23 Баш оона 202412:10 Бишкек Govori.TV

Муниципалдык инспекция 7-августтан 21-августка чейин Бишкек шаарында көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга карата 484 протокол түздү.

Мэриядан билдиришкендей, салынган айып пулдун жалпы суммасы 5 млн 680 миң 500 сомго жетти.

Анда көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандыгы үчүн 263 протокол, турмуш-тиричилик жана башка таштандыларды белгиленбеген жерге таштагандарга 108 протокол түзүлгөн.

Количество просмотров: 116