• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

СДПКнын съезди жабык эшик артында болот

30 Жалган куран 2018 10:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.03. 2018. Govori.TV

Эртең, 31-мартта буга чейин айтылып келгендей КСДПнын партиялык жыйыны өтөт.  Бүгүн, партиянын штабынан Фарид Ниязов билдирүү таратып,  курултайга 190 делегат чакырылганын, зал тар болгондуктан, журналисттер киргизилбей турганын, бирок, Алмазбек Атамбаев жыйындан кийин ММКларга маалымат берээрин жарыя кылды.

Ал арада биздин өздүк булактар КСДП курултай эмес конференция гана өткөрүүгө бел байлаганын, аймактардан өтө аз делегат катышкандыктан, партиянын төрагасын шайлоо өтсө бул канчалык мыйзамдуу болоору суроо жаратаарын айтып жатышат.

Анын үстүнө партиянын 25 жылдык мааракесине туш келген бул жыйынга Жогорку Кеңештерде, жергиликтүү кеңештерде, шаардык кеңештерде жүздөгөн депутаттары бар, бүт өлкө боюнча ячейкалары иштеген ири партиядан болгону 200гө жетпеген адамдын катышуусу күмөн туудурат…

Количество просмотров: 35