• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Жайкы XVII Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан төрт спортчу барат

15 Баш оона 20249:30 Бишкек Govori.TV

28-августтан 8-сентябрга чейин Париж шаарында (Франция) өтө турган жайкы XVII Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан төрт спортчу барат.

Пара дзюдо боюнча Маматибраим Суранов 73 кг чейинки салмакта катышат. Пара пауэрлифтинг боюнча Миргүл Боталиева 86 кг чейинки салмак категориясында катышат.

Пара триатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы (Ангелина Блиндул коштоочу), пара жеңил атлетика Гүлназ Жүзбаева (Фернас Юлия коштоочу) өлкө намысын коргошот.

Жайкы XVII паралимпиада оюндарына жалпы 22 спорттун түрү боюнча 549 медаль ойнотулат.

Количество просмотров: 137