• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жайлоодо эки жума мурун дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн сөөгү табылды

9 Теке 202011:14 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Беш-Теке жайлоосунда эки жума мурун дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн сөөгү табылды.

“Кечээ, 8-июлда жергиликтүү тургундар өспүрүмдүн сөөгүн табышкан. Сөөктү алып келүүгө куткаруучулар жана 3 милиция кызматкери жөнөп кетти”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 26-июнда саат 19:00дөр чамасында 14 жаштагы өспүрүм Тоскоол-Ата токой чарбасынан Беш-Теке жайлоосуна кошуналары менен жолугушууга чыгып, дайынсыз жоголгон. Куткаруучулардын издөө иштери жыйынтык берген эмес.

Количество просмотров: 414