• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жайлоодо өспүрүм жоголду

6 Теке 202018:03 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Беш-Теке жайлоосунда 14 жаштагы өспүрүм жоголду. Бул тууралуу Govori.TVга баланын жакындары билдирди.

Маалыматка, ылайык өспүрүм 26-июнь күнү саат 19:00 чамасында Беш-Теке жайлоосундагы кошунасыныкына чыккан бойдон дайынсыз жоголгон. 12 күндөн бери дайынсыз болууда.

Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден 7 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер тартылып, натыйжа болгон эмес. Көргөн-билгендер болсо 0707 343 167 номерине чалып, кабар берсе болот.

Количество просмотров: 1091