• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жакшы кабар! 21 жаран коронавирустан айыгып чыкты

17 Бугу 2020 10:20 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө сутка ичинде 21 жаран коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Бишкек шаарында 11, Ош шаарында 2, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 3 жана Нарын облусунда 3 жаран коронавирустан сакайды», — деп билдирди министрдин орун басары.

Ошондой эле Үсөнбаев республика боюнча жалпы 804 бейтап илдеттен айыкканын кошумчалады.

Количество просмотров: 67