• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жакшы кабар! Айсулуу Тыныбекова Олимпиадада күмүш байге утту

4 Баш оона 2021 18:29 Бишкек Govori.TV

Токиодогу Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) күмүш байге алды.

Тыныбекова аныктоочу кармашта япониялык Юкако Каваи менен кез келди. Эсеп япониялык кыздын пайдасына чечилип, 4:3 менен аяктады.

Белгилей кетсек, биринчи беттешинде Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшкөн. Аны 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда Тыныбекова румыниялык Криста Тунде Инцзе менен күрөшүп, атаандашынын далысын жерге басып таза жеңишке жеткен. Жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен кез келип, 10:0 эсебинде таза жеңишти камсыздады.

Айсулуу Тыныбекова учурда 29 жашта. 2019-жылы өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон. 2020-жылдагы дүйнө кубогу мелдешинде да алтын медаль тагынган. Рио-2016 Олимпиадасына катышып, бешинчи орунга жеткен. Кыргызстандык балбан кыз Азиянын төрт жолку чемпиону.

Кыргызстандан Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган Олимп оюндары 8-августта аяктайт. Кыргызстандын байге куржунунда күрөш боюнча 2 күмүш жана бир коло медаль болду.

Количество просмотров: 1287