• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жактоочу: Орхан Инандынын Түркияга жеткирилишине Башкы прокуратура баа бериши керек

6 Теке 2021 16:58 Бишкек Govori.TV

«Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инандынын Түркияга жеткирилишине Башкы прокуратура юридикалык баа бериши керек. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова Govori.TVга билдирди.

«Биз Башкы прокуратурага арыз менен кайрылдык. Себеби окуяга баа берилиши керек. Түркия президенти: «Улуттук чалгындоо кызматы оригиналдуу жана сабырдуу иш-аракеттердин аркасында Орхан Инандыны алып келди», — деп жатат. Кыргыз бийлиги тийиштүү баа бериши зарыл. Ал эми Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчисин чакырып, түшүндүрүүнү талап кылуусу керек. Аталган министрлик Түркияга нота жөнөтүшү шарт. Биз кичинекей мамлекетпиз дебей, эл аралык нормалардын негизинде биздин жаранды өлкөгө алып келиш керек»,-деди жактоочу.

Эске салсак, Кыргызстандын жараны Орхан Инанды 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан. Президент Садыр Жапаров аны издөөнү күч органдарына тапшырган. ИИМ «адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козгогон.

Количество просмотров: 330