«Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов УКМКнын Ош облусу жана шаары боюнча башкармалыгына өзү барды. Бул тууралуу жактоочу Назгүл Сүйүнбаева өзүнүн фейсбуктагы баракчасында билдирди.
«К.Досоновдун УКМКнын Ош жана Ош облусу боюнча башкармалыгына өзү барганын айткым келет. Балким эртең расмий түрдө аны операциянын негизинде кармашкандыгын айтып чыгышар», — деп жазды Сүйүнбаева.
Буга чейин 10-февралда УКМКнын басма сөз кызматы «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досоновго байланышкан ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.
Маалымат боюнча, Ош шаарындагы текшерүү иштеринин алкагында Досонов жашынып жаткан үйдү табышкан. Ал үйдөн жеке каражаттары, буюмдары, ошондой эле уюлдук телефону табылды. Мындан тышкары тыюу салынган заттар, анын ичинен баңгизат чыккан.