• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жакынкы беш күндө өлкөдө өткүн өтүп, тоолуу райондордо жаан карга айланат

26 Теке 2018 18:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.07.2018.Govori.TV.
27-31-июлда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайы боюнча ӨКМнин басма сөз кызматы билдирүү жасады.
27-30-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-28-июлда Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
31-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
27-29-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
27-29-июлда Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
1-2-август күндөрү Кыргыз Республикасынын аймагынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.
Кыргыз Республикасынын токойлорунда өрт коркунучунун болжолу
Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы, Нарын райондорунун токойлорунда өрттүн жогору коркунучу бар, калган аймактарнын токойлорунда өрттүн коркунучу аз.

 

Количество просмотров: 25