• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жакында Алматы–Ош жаңы аба каттамы ачылат

16 Чын куран 202518:22 Бишкек Govori.TV

28-майдан тарта Кыргызстан менен Казакстандын түштүк борборлорун байланыштырган аба каттамсы ачылат.

«Кыргызстан аэропорттору» ААКтан билдиришкендей, каттамдарды Air Astana авиакомпаниясы жумасына 4 жолу: шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарат.

«Аба каттамы заманбап Airbus учактары менен аткарылат, 132 орун эконом-класста, 16 орун бизнес-класста», — дейт Air Astana авиакомпаниясынын Кыргызстан боюнча аймактык менеджери Алибек Берикбосынов.

Количество просмотров: 139