• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жакындардан ажыраган күндөр унутулду! COVID-19га каршы штаб билдирүү таратты

10 Тогуздун айы 2020 14:17 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 5 адам каза болуп, жаңы катталгандардын саны 307 учурга жетти. Бул сандар COVID-19 вирусунун жаңы толкунуна бара жатканыбызды билдирет. Мындай билдирүүнү бүгүн,10-октябрда Республикалык штаб таратты.

Штабдын маалыматында, эки-үч ай мурун коронавирус көптөгөн кыргызстандыктарды жакынынан ажыратканы айтылат.

«Калың эл кайгырып, ыйлап, өкмөткө, Саламаттык сактоо министрлигине, аткаминерлерге, айрым учурда медиктерге наалат айтып жатышты… Көп кишиде илдет оор формада өттү, көбү азыркы тапка чейин коронавирустун кесепети менен күрөшүп жатат. Тилекке каршы, санитардык эрежелерди сактоо керек деген чакырыктарды жарандар көз жаздымда калтырып жатышат. Көпчүлүк жакындарын жоготконун, медиктерге бул жаман вирус менен күрөшүү кыйын болгонун унутуп коюшту», — деп жазылат билдирүүдө.

Республикалык штаб санитардык эрежелерди карманууга чакырат.

Количество просмотров: 138